Connect with us

10 айда 28 миң тоннадан ашык сүт азыктары экспорттолду

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 125 | 0

2024-жылдын 10 айында сүт азыктарын экспорттоонун жалпы көлөмү 28 миң 533,8 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 064,1 тоннага көп. 2023-жылдын 10 айында сүт азыктарын экспорттоонун жалпы көлөмү 24 469,7 тоннаны түзгөн.

Анын ичинен:

  • сыр – 1 130,0 тонна;
  • шоро – 119,5 тонна;
  • курут – 3,3 тонна;
  • каймак май – 1 851,8 тонна;
  • балмуздак – 4 476,0 тонна;
  • каймак – 660 тонна;
  • кургак сүт – 816,4 тн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM