Connect with us

Каракөл ГЭСинин курулуш иштери жүрүп жатат

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 132 | 0

«Чакан ГЭС» ААКка караштуу Каракөл ГЭСинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү «Жагалмай» ЖЧКсына жүктөлгөн. Учурда негизги курулуш иштери олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Даярдык иштери:

  • жалпы узундугу 2,8 км болгон чарбалык жолдордун курулушу аяктады;
  • жолдорду коргоо үчүн жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлдү;
  • 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү тутумдар (ОРУ) курууга аянтча толугу менен даярдалды.

Негизги иштер:

  • курулуш учурунда сууну убактылуу буруу үчүн атайын каналдын курулушу аяктады.
  • башкы суу алуу курулушу, ошондой эле чөкмө топтоо жана аванкамеранын курулушу уланууда.
  • ГЭСтин имараты үчүн казылган котлован даярдалды, азыр фундаменттик плитаны бетон менен куюу иштери жүрүп жатат.
  • басым түтүктөрү үчүн болот листтерин жеткирүү жана түтүк секцияларын даярдоо 100% аткарылды.
  • басым түтүктөрүнүн секцияларын монтаждоо иштери 30%га бүткөрүлдү.

Каракөл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарымында аякташы пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM