Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 11-ноябрь күнү издөө иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 адам тартылды.
Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин кароого чыкты.
2019-жылы туулган С.И. аттуу бала 9-ноябрь күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу миинстрликке маалымат түшкөн.