Connect with us

Нурланбек Шакиев: Жаңы гимнди жазууга сынак жарыяланат

Кыска кабар | 5 Ноя 2024 | 171 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 5-ноябрда парламентте журналисттер менен жолугушууда Кыргызстандын жаңы гимнин жазуу үчүн сынак жарыяланарын айтты.

Ал кийинки жумада Жогорку Кеңеште гимнге байланыштуу атайын отурум өтүп, ачык сынак ачык өтөрүн билдирди.

“Мен эмне үчүн гимнди өзгөртүү тууралуу айттым, көптөр айтабыз деп жүрүп эле айта албайт, мен айттым, сунуш кылдым. Эмки жумада атайын отурум өткөрөбүз, гимн жазууга ачык сынак уюштурабыз. Гимнди ырдаганда ар бир кыргыз эл, өлкө үчүн жаралганын сезиши керек. Гимнди өзгөртөбүз” , — деди төрага Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөрүшү керектиги тууралуу 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айткан.

«Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеби, гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек», — деген Шакиев.

Президент Садыр Жапаров гимнди өзгөртүү маселеси боюнча «Кабар» улуттук агенттигине комментарий берип, аны өзгөртүүнү колдой турганын айткан.

Ал Кыргызстан өз алдынча мамлекет экенин, элдин 5 миң жылдык тарыхы бар экенин даңазалаган гимн жазып койгонду туура көрөт. Азыркы гимн архив болуп кала берерин кошумчалаган.

Президент гимн дароо өзгөрбөй турганын, чыгармачыл адамдар тарабынан жазылып, элдин талкуусуна коюларын билдирген.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM