Connect with us

Нарындагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 5 Ноя 2024 | 158 | 0

Нарын облусундагы 42 айылда таза суу чыгаруу иштерине даярдыктар текшерилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигиннен кабарлашты.

Облустагы 42 айылдын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Азия Өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аткарылып жаткан программанын алкагында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө 4 айылда: Орто-Саз, Жалгыз-Терек, Жан-Булак, Төш-Булак курулуш иштери бүткөрүлдү.

Маалыматка караганда, 2026-жылга чейин 13 мектеп, бала бакча жана 8 медициналык мекеме заманбап санитардык тутумдар менен жабдылат. Бүгүнкү күндө 20 социалдык объекти үчүн санитардык системаларды изилдөө жана долбоорлоо боюнча иштер башталды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM