Эртең, 2-ноябрда Бишкектин борбордук аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, концерт кечки саат 18:00дө башталат. Анда кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары ырдашат.
Буга байланыштуу Бишкек шаардык милиция кызматынын басма сөз кызматы Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 17:00дөн баштап жабыларын эскертти.