Connect with us

Президент Жапаров Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле тереңдеп, практикалык мааниге ээ болуп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Ерлан Кошановдун Кыргызстанга болгон бүгүнкү расмий сапары эки мамлекет ортосундагы парламенттер аралык диалогду алга жылдырууга олуттуу түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан мындан ары да достук, бир туугандык, союздаштык жана өз ара сый-урматтын духунда кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө даяр экендигине ишендирди.

Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирип, казак эли боордош кыргыз элинин өзгөрүүлөрүн жана жетишкендиктерин, өзгөчө өлкөнүн экономикасынын өсүшүн жана олуттуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү кубануу менен белгилей турганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM