Connect with us

Президент Садыр Жапаров беш адамды генерал наамынан ажыратты

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 334 | 0

Президент Садыр Жапаров беш адамды генерал-майор наамынан ажыратты. Тиешелүү жарлыкка президент 10-октябрда кол койгонун өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Маралга» тастыктады.

Анын айтуусунда, аскердик наамдар убагында аларга мыйзамсыз берилген деген негиз менен алынды.

Буга чейин социалдык тармактарда президенттин жарлыгынын сүрөтү тарап, анда ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиевдин, Мирлан Каниметовдун, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Малик Нурдиновдун милициянын генерал-майору наамынан ажыратылганы белгилүү болгон.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев жана УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Санжарбек Эркинбаевдин да генерал-майор аскердик наамы алынды.

Бул адамдарга экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 14-октябрда наам ыйгарган. Жээнбеков эки күндөн кийин президенттиктен кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM