Connect with us

Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка эмгектер кабыл алына баштады

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 216 | 0

Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө илимий эмгектерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Илимий эмгектерди 2024-жылдын 11-ноябрынан 11-декабрына чейин кабыл алуу башталды.

Конкурска 2021-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 11-ноябрына чейинки мезгилде жарыяланган илим жана техника жаатындагы илимий иштер кабыл алынат.

Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары, автордун (авторлоштун) 3төн кем эмес макаласы Q3төн кем эмес квартилдеги жана/же Орусиянын илимий цитаталар индекси ядродогу (РИНЦ), Scopus жана Web of Science эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанылган эл аралык илимий басылмаларда жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы илимий иштердин материалдары жана технологиялары беш жылдан кем эмес, ал эми гуманитардык үч жылдан кем эмес өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.

Илимий изилдөөнү аткаруу же иштеп чыгуу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана жүзөгө ашырган, соттуулугу бар адам сый акы алууга көрсөтүүгө жол берилбейт.

Талапкердин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуусу жана илимий эмгектерин тапшыруусу зарыл. Кошумча суроолор боюнча (0312) 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM