Connect with us

Бишкекте Green Expo көргөзмөсү ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 128 | 0

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте өтүп жаткан «Жашыл экономика — 2024» форумунун алкагында Green Expo көргөзмөсү ачылды.

Анда алдыңкы компаниялар экологиялык таза технологиялар жана туруктуу өндүрүш жаатындагы өнүмдөрүн жана чечимдерин көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн катышуучулары көмүртектин изин азайтууга жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган алдыңкы өнүмдөр жана кызматтар менен тааныша алышат.

Иш-чара жашыл экономикага өтүүнүн, экологиялык таза технологияларды колдонуунун жана ресурстарды туруктуу башкаруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн негизги аянтча.

Бүгүн Бишкекте «Жашыл экономика» аймактык форуму өтүүдө. Регионалдык форум Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ЖИА бизнес ассоциациясы, GIZ (BMZ), ЕС, Швейцария элчилигинин, ПРООН, ОБСЕ жана Ага Хан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM