Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ысык-Көлдө туристтерди тоноого шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 62 | 0

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагында жасалган бир катар уурулуктардын бетин ачканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургундары арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрына чейин белгисиз адамдар туристтердин автоунааларынан акча уурдашканын билдиришкен.

Бир жабырлануучуга 124 миң сом, экинчисине 145 миң 800 сом жана үчүнчү жабырлануучуга 300 миң сом зыян келтирилген.

Үч уурулук фактысы боюнча Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө уурдоого шектүү болгон кылмыштуу топ атайын операция учурунда колго түшүрүлдү.

Шектүүлөрдөн эки даана рация, 5 мобилдик телефон, бир дүрбү, ар кандай автоунаалардын 5 ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар (отмычка), акча каражаттары: АКШ доллары, евро, казак теңгеси, сом, Индия рупиясы, швейцария франкы алынган.

Кармалган 1985-жылы туулган Дж.А., 1975-жылы туулган  У.О., 1964-жылы туулган Г.А., 1978-жылы туулган Х.Г. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM