Connect with us

Салык кызматы эмгек акы накталай эмес формада гана төлөнүшү керектигин эскертти

Кыска кабар | 22 Окт 2024 | 144 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тарта иш берүүчүлөр, тагыраагы, юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү экендигин эскертти. Бул талап Эмгек кодексине 2024-жылдын 23-июлундагы мыйзам менен киргизилген.

Ошол эле учурда Министрлер Кабинети иштин айрым түрлөрүнө же өлкөнүн белгилүү бир аймактарында эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

Мындан сырткары, иш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылана турган уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө жана маалыматтарды жаңыртып турууга милдеттүү.

Салык агенти тарабынан жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактар үчүн 3000 сом жана юридикалык жактар үчүн 6500 сом айып пул каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM