Биз менен байланышыңыз

Кышкы кабыл алуу үчүн республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 84 | 0

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин жүрөт.

Каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт жана орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алат.

Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн уюлдук телефондун номери, паспорттун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү керек.

Телефон номери окуу жайларга тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет. Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз).

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл.

Жогорку окуу жайлардагы бош адистиктердин тизмеси менен testing.kg сайтынан тааныша аласыз.

Кышкы кабыл алуу үчүн тестирлөө болжол менен 22-ноябрдан 30-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.

Негизги тесттин акысы – 470 сом,

Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 200 сом,

Ар бир предметтик тесттин акысы – 470 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM