Биз менен байланышыңыз

25-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 83 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 25-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM