Connect with us

Финсабат: насыя алууда эске алуучу жагдайлар

Блог | 16 Окт 2024 | 561 | 0

Акыркы мезгилде өлкөдө насыя алгандардын саны көбөйүүдө. Анын ичинде насыяны күнүмдүк керектөөлөргө жумшагандар арбын.

Улуттук статистка комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда насыя алгандардын саны 10 пайызга өстү. Өткөн жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, берилген насыялардын суммасы 29,5% көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад облустарында.

Расмий маалыматтар боюнча, насыянын 48%ы турмуштук керектөөгө, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5%ы курулушка алынган.

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев насыя – максаттуу, максатсыз жана керектөөгө багытталган болуп бөлүнөрүн белгиледи.

«Насыяны эки түргө бөлсө болот. Максаттуу жана керектөөчү насыялар болуп бөлүнөт. Максаттуу кредит бизнести өнүктүрүүгө, ишкердикке, турак жай салууга, ипотека жана кыймылсыз мүлк алууга багытталат. Керектөөчү кредит – ар кандай муктаждыктарды жабуу үчүн алынган акча каражаттар. Мисалы телефон, муздаткыч, телевизор же үйдү оңдоп-түзөөгө алынат».

Кредитти кимдер берүүгө укуктуу?

Насыяны Улуттук банктын лицензиясын же күбөлүгүн финансы кредит мекемелери берүүгө укуктуу. Алардын тизмеси Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылган. Алар коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, турак жай сактык кредиттик компаниялар.

Кредитти кимдер ала алат? Жаш курагы же социалдык абалы маанилүүбү?

Насыя 18 жаштан берилет. Финансы кредит уюмдар максималдуу жаш курагын өзүнчө белгилей алат. Көп учурда 68-70 жашка чейин кездешет. Кредит алуунун эң маанилүүлүгү аны кайра төлөп берүү жөндөмдүүлүгү, мүмкүнчүлүгү. Ал үчүн киреше булактарын аныктоо талап кылынат. Кандайдыр бир бизнес план жана бизнести өнүктүрүү сыяктуу пландарды талап кылат. Көбүрөөк суммадагы насыялар болсо, күрөөсү же кепилдик берүүчү барбы, ошолор да каралат.

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү берилген насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө колдонот. Расмий маалыматтарга ылайык, ар бир экинчи алынган насыя буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Ал эми айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.

Керектөө насыясы адамдын күндөлүк турмушу үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга берилет. Мындай насыя узак мөөнөткө колдонуучу товарларды (эмерек, тиричилик техникасы, уюлдук телефон, унаа, азык-түлүк ж.б.) сатып алуу үчүн эле эмес, окуу жайлардагы төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, саякат, турак жайды оңдоо өңдүү керектөөгө да алса болот.

Банк же насыя берүүчү уюм керектөө насыясын иштетүүнү көзөмөлдөбөйт жана анын максаттуу иштетилишине кызыкпайт.

Келишимге кол коюуда эмнелерге көңүл буруу керек? Эгер кардар юридикалык билими жок болсо, кандай кылса болот?

Кредиттик келишимге кол коюуда ар бир келишимдин пункттарын, шарттарын изилдеп чыгуу зарыл. Ошол эле учурда натыйжалуу пайыздык чен деген бар, анын шарттарын дагы карап чыгуу керек. Насыя берүүчүнүн жана алуучунун милдеттери, укуктарын тактап алуу маанилүү. Кандайдыр бир түшүнүксүз нерселер болсо, кредиттик адистен сурап, баарын тактап алуу керек.

Кардардын юридикалык билими жок болсо, кредиттик келишимди банктан алып, үч күнгө чейин адистер менен кеңешип, шарттарды тактап алуу үчүн келишимди алууга укуктуу.

Кредит алууда кандай тобокелдиктер бар?

Кредит алууда негизги тобокелдиктердин бири аны кайтарып берүүдө кандайдыр бир кыйынчылыктардын жаралып калышы. Мисалы сиз насыяны айлык маяна менен төлөп жатсаңыз, жумуштан кандайдыр бир жагдайлар аркылуу чыгып кеткен болсоңуз, киреше булагы токтоп калып, насыяны убагында төлөй албай калышыңыз мүмкүн. Кандайдыр бир ишкердик менен алектенип жатсаңыз, андагы абал өзгөрүп калса жана сиздин бизнеске таасирин тийгизсе, сатуулар начарлап же токтоп калса, ал дагы кредитти убагында төлөөгө тоскоолдук болот. Балким кредитти чет элдик валютада алсаңыз, курсу жогору болуп кетсе, кредитти төлөөдө кошумча чыгымдар кошулуп, кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө онлайн насыя берүүчү компаниялар көйбөйүп жатат. Алардын арасында шылуундук кылып элди кыйнаган насыя берүүчү уюмдар бар.

Мисалга алсак, «somo.kg», «акчамат» деген сыяктуу онлайн насыя берүүчү компаниялар бар. Ачык булактагы маалыматтарга таянсак, «somo.kg» онлайн насыя берүүчү компаниясы элге насыя бергенде бир жылдык пайызды 500 пайыз менен беришет. Оор учурга кабылып аягында эмне кылышты билбей, ошол жерден акча алып жаткандар көп. Келишимде компания тарабынан бардык шарттар так жазылбагандыктан, карапайым калк түшүнүп-түшүнбөй алып жатат.

Кредит алууда пайыздык чендерди эсептөөнүн жол жобосу кандай?

Кредит алууда пайыздык чендер жарнамаларда, насыя берүүчү мекемелердин сайттарына жарыяланыш ачык керек. Анын баарын кардарлар изилдеп, анализдеп, салыштырып тандашы керек. Биздин сайтта кредиттик эсептегичтер (калькулятор) бар. Ошол менен кредиттин суммасын, мөөнөтүн, пайызын киргизип, болжолдуу түрдө ай сайын төлөөнүүчү сумманы аныктап алса болот. Ошого жараша насыяны тандоо керек. Буга кошумча ар бир мекеменин насыя берүүдө кандайдыр бир кошумча төлөмдөрү бар, ошол эле күрөөнү каттоодо. Ошонун баары эффективдүү пайыздык чен же болбосо насыянын толук баасын аныктайт. Ошого да көңүл буруп, тандоо керек.

Эгерде жаран кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажырап калса, кандай чара көрүшү керек?

Эгерде жарандар насыя төлөөдө кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болуп жатса, биринчи кезекте насыя берүүчү мекемеге арыз кайрылып, бардык жагдайды түшүндүрүп бериш керек. Ал мекеме жолдорду издеп, балким кардардын суммасын азайтып, мөөнөтүн узартып берүүгө укуктуу жана башка бул жагдайдан чыгып кетүү үчүн жолду чогуу издеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле кредит алуучу Улуттук банкка арыз менен кайрылса болот. Өзгөчө кырдаалдардан улам насыяны төлөй албай жатса, коммерциялык банктар, кредиттик уюмдар мындай учурларда кардарларга жеңилдиктерди берет.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев кредит алуудагы күрөө жана кепилдик тууралуу айтып берди.

Насыянын суммасына жараша кошумча талап катары күрөө коюу же кепилдик берүүчү адамдын болуусу талап кылынат. Күрөө суммасы көбүрөөк кредиттерге талап кылынат. Ал эми кепилдик берүүчү адамдын болуусу орточо насыяларда колдонулат.

Күрөөгө коюлган мүлктөн ажырап калбаш үчүн насыяны белгиленген убакыт боюнча так төлөп берүүсү шарт болот.

Ошондой эле кепилдик берген адам кредит алган адам менен чогуу жоопкерчиликти мойнуна алып жатканын унутпашы керек. Кредит алуучу төлөй албай калса, кепилдик берген адам толук кредитти жапканга даяр болуш керек. Демек, анын кандайдыр бир финансылык каражаттары бар болуш керек.

Эгер насыя таржымалы бузулуп калса, кантип оңдоого болот?

Кредиттик таржымал боюнча маалыматты кредиттик бюролор аркылуу билсе болот. Алардын офисине барып, ар бир жаран жылына бир жолу бекер өзүнүн кредиттик таржымалын текшерип турса болот. Эгер насыя таржымалы бузулуп калса, кийин насыя алып, аны өз убагында төлөп берүү менен гана оңдосо болот.

Керектөө насыясы негизинен эки түргө бөлүнөт. Максаттуу насыя кардардын белгилүү бир керектөөсүнө багытталып, каражат анын колуна түз берилбейт. Банк акчаны сатуучуга же кызмат көрсөткөн тарапка которуп берет. Адатта мындай насыя дүкөндөр, туристтик фирмалар же жеке клиникалар аркылуу сунушталат.

Ал эми максаттуу эмес насыялоодо бөлүнгөн каражат кардардын колуна накталай берилип, өзү каалаган ишке жумшоого мүмкүнчүлүк берилет. Мындай насыялардын тобокелдиги чоң болгондуктан, аны берүүнүн шарттары катаалыраак жана пайыздык үстөгү көбүрөөк болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM