Биз менен байланышыңыз

Мектептердин бакчаларында өсүмдүк, жашылча-жемиштер өстүрүлөт

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 92 | 0

Мектептердин бакчаларына айыл чарба өсүмдүктөрүн, жашылча-жемиштерди өстүрүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жанаа илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министр Догдуркүл Кендирбаева Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди жана тапшырмаларды аткаруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы жана «Кыргыз агрохолдинг» ишканасынын жетекчиси менен жолугушту.

Тараптар окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн мектеп аянтчаларынын ишин уюштурууну талкуулашты.

Мектеп аянтчаларынын иши окуучулардын тамак-ашын, балдарды эмгекке үйрөтүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча билимдерин тереңдетет.

Алгач бир райондун мектептерин тандап, пилоттук режимде ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM