Биз менен байланышыңыз

Президент бир катар өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилери менен жолукту

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 87 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдык мааракесине карата «Ынтымак Ордодо» бир катар чет өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда Түркиянын, Азербайжандын, Молдованын, Евразия экономикалык бирлигинин, Кытайдын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Армениянын сот тутумунун жетекчилери жана КМШнын Экономикалык сотунун төрагасы жана Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти болду.

Садыр Жапаров ар бир мамлекеттин өнүгүшүндө сот системасынын ролу жогору экенин белгилеп, Кыргызстандын сот тутуму, анын ичинде судьялар менен сот системасынын кызматкерлери укуктук мамлекеттин калыптанышына баа жеткис салым кошуп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоп келатканын айтты.

Кыргызстанда Жогорку Сот алгачкы жолу 1924-жылдан баштап түптөлө баштаган. Анда Түркстан бөлүнүп, Кара-кыргыз автономдуу облусу болуп кайра түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстанда төрт округ болуп, элдик соттун 23 учаскасы иштей баштаган. Ошол мезгилден тарта Жогорку Соттун тарыхы башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM