Биз менен байланышыңыз

Индиядан 3 тонна буйволдун этин аткезчилик менен алып келгендер аныкталды

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 66 | 0

Баткен облусунда Индиядан аткезчилик менен алып келинген буйволдун эти аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунда Кыргызстандын жараны Т.Р.К. башкаруусунда Mercedes-Benz-Sprinter 413 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда эч кандай бажылык тариздөөнү тастыктабаган жана жүктү коштоп жүрүүчү документтери жок Индия өлкөсүндө өндүрүлгөн тоңдурулган буйвол эти табылган.

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан эттин жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн.

К.И. ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, буйвол этинин орточо базар баасы 550 сом, ал эми жалпы 3 тонна эттин баасы 1 млн 650 миң сомду түздү.

Факты каттоого алынып, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM