Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Майда дыйкан чарбаларды бириктирүүгө каражат бар

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 166 | 0

Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтуусунда, учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары1 миллион сомго чейин насыясы барларды мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда.

“Ал үчүн атайын шарт, талаптар бар. Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши керек. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт. Кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жеңилдетилген шартта берилет”, — деп белгиледи Төрөбаев.

Аймактарда майда товар-өндүрүүчүлөрдү ирилештирүүнү стимулдаштыруу багытында жер үлүштөрүн, айыл чарба техникаларын, мал жандыктарын бириктирип кооперативдерди түзүү иштери пландалып жатканы кабарланды. Майда дыйкан-фермер чарбаларды ушул жол менен 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда.

Учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53 миң 127 га жер бөлүнүп берилген.

“Айыл чарбасын каржылоо-12” жана “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорлору менен Айыл банк аркылуу 8 кооперативге 19,1 млн сом, “Элдик юанк” тарабынан 6 кооперативге 30,32 млн сомго жеңилдетилген кредиттер берилгени маалымдалды.

Майда дыйкан-фермер чарбаларды бириктирүүгө кызыктыруу үчүн “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору иштелип жатат. Ага ылайык, жеңилдетилген насыя каражаттарын 6 пайыз эсебинде 5 жылга берүү, ошондой эле мамлекеттик фонддун жерлерин түз жол менен ижарага 20 жылга чейин берүү, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү үчүн жеңилдетилген шартта берүү, техникаларды жана асыл-тукум малдарын лизинге артыкчылык шартта берүү каралууда.

Төрөбаев акча каражаты бар экенин, 70 кайра иштетүүчү ишкана, логистикалык борборлорду ачууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 40 миллион доллар берилип жатканын айтты.

Дүйнөлүк банк 35 миллион долларды Жалал-Абад, Нарында багбанчылыкты өнүктүрүү, Ысык-Көл, Талас, Чүйдө сүт өндүрүүчүлөдү колдоого бөлүүдө. Тамчылатып сугарууга да каражаттар каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM