Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык туркомпаниялар Париждеги эл аралык көргөзмөгө катышты

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 133 | 0

Кыргызстандык туристтик компаниялар жана “Кыргызстанда туризмди колдоо” фонду 17-19-сентябрда Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан France IFTM-2024 эл аралык көргөзмөгө катышып жатат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Туркомпаниялардын арасында Asia Expedition, Ak-Sai Travel, Inspiro Travel LLC, Economad сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү бар. Кыргызстандын стендинин ачылыш аземи өлкөнүн Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, фонддун өкүлдөрү жана делегациянын башка мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү.

Көргөзмөнүн алкагында кыргызстандык делегация өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштурду. Кыргыз-француз туроператорлорунун ортосундагы өнөктөштүктү түзүү максатында В2В форматындагы жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Көргөзмөнүн биринчи күнүндө француз туристтик компанияларынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда Кыргызстанга чоң кызыгуу көрсөтүлгөнү айтылды. Франциялык туркомпаниялар Кыргызстанга келип, кызматташууну орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM