Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга кетти

Кыска кабар | 17 Сен 2024 | 64 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда иш сапары менен Казакстанга барды. Ал “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышат.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин пдминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов бар.

Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германиянын ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM