Connect with us

Ысык-Көлдүн жээгине унаасы менен кирген айдоочуга айып салынды

Кыска кабар | 14 Сен 2024 | 191 | 0

Ысык-Көлдүн жээгинде Tesla унаасын ээнбаштык менен айдаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Tesla Cybertruck үлгүсүндөгү автоунаа көл жээкке кирип алгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан видео тасмага түшүрүлүп, интернет булактарында тараган.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл облусунун жол кайгуул кызматкерлери тарабынан жогорудагы унаа табылып, анын айдоочусу 51 жаштагы К.М.Л. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Ага эреже бузгандыгы үчүн Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM