Бишкек мэриясы жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланып жатканын билдирет. 13-сентябрда түнкү саат 23:00дө Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин жабуу пландалууда.
Бул кесилиш оңдоо иштери бүткөндө 16-сентябрда саат 08:00дө ачылат.
Мэриянын маалыматына караганда, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин оңдолот.