Биз менен байланышыңыз

УКМК депутаттын кеңешчисинин кармалышы тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 13 Сен 2024 | 354 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 12-сентябрда Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында депутаттын кеңешчиси 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.

Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражатын алып турган.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кеңешчи тарабынан жасалган мыйзамсыз иштерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM