Биз менен байланышыңыз

Ош милициясы балага зомбулук көрсөткөн эркек тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 13 Сен 2024 | 1964 | 0

Ош облустук ички иштер башкармалыгы интернет айдыңында балага орой мамиле кылып жаткан видеотасма боюнча маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, Ош ОИИБге 12-сентябрда белгисиз атуул тарабынан жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео жазуу “Вотсап” группаларга таркап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан белгисиз жаран Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөөгө алынган.

«Алгачкы маалыматтар боюнча И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби, жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалым болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Ош ОИИБи текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алына турганын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM