Биз менен байланышыңыз

ЖК: атайын кызмат депутаттын жардамчысын алып кетти (видео)

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 346 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүп, тергөөчүлөр анын жардамчысын кармап кетти. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

«Альянс» фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев бул боюнча билдирүү таратып, тергөөнүн депутат Гүлкан Молдобековага байланышы жок экенин, атайын кызмат анын жардамчысын суракка алуу үчүн алып кеткенин айтты.

Фракциянын дагы бир депутаты Чыңгыз Айдарбеков да журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул иштин кесиптеши Гүлкан Молдобековага тиешеси жоктугун билдирди.

Депутат Гүлкан Молдобекова өзү учурда Өзбекстанда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевди коштоп иш сапары менен кеткен.

Гүлкан Молдобекова Жогорку Кеңешке «Альянс» фракциясынан депутат болуп шайланган. Аталган фракцияда иш боюнча маалымат жоктугун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM