Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка жол бербөө үчүн онлайн насыя берүүнү татаалдаштыруу сунушталды

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 99 | 0

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 12-сентябрдагы жыйынында алдамчылык менен күрөшүү үчүн онлайн насыя берүүнүн шарттарын катаалдаштыруу маселесин көтөрдү.

Ал Министрлер кабинетине кайрылып, Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана Улуттук банкка онлайн кредиттерди берүү процессин татаалдаштырган, алдамчылык кылууга кыйын болгон жаңы системаны иштеп чыгууну тапшырууну сунуштады.

Өмүрзаков быйыл сегиз айда Ички иштер министрлиги интернет аркылуу насыя берүү боюнча 705 алдамчылык фактысын каттаганын белгиледи.

«Бардык банктар тез арада онлайн кредит берүү системасын киргизишкен. Ошол эле учурда жарандарды алдаган шылуундар пайда болду. Улуттук банк бир канча эскертүүлөрдү кылса да жетишсиз болуп жатат. Бир канча айдан бери мугалимдер, дарыгерлер, кары-картаңдар алданып калып жатышат. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, сегиз айда 705 алдамчылык фактысы катталыптыр. Тез арада Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Улуттук банк менен жарандарды алдабай турган жаңы система иштеп чыгыш керек» , — деди депутат.

Ички иштер министрлиги интернет аркылуу насыя алып, алдангандар тууралуу маалыматты тастыктады. Бирок бул фактылардын арасында онлайн насыя алуудан башка дагы телефон аркылуу алдамчылык фактылары бар экенин тактады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM