Биз менен байланышыңыз

Жакшы адаттарды өздөштүрүүнү үйрөткөн бестселлер китеп кыргызчаланды

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 277 | 0

«Китепстан» басма үйү тарабынан дүйнөгө белгилүү «Атомдук адаттар» китеби кыргызчага которулду. Бул китептен кантип жакшы адаттарды өздөштүрүп, жаман адаттардан арылууну үйрөнүүгө болорун басма үйдүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев билдирди.

«Бул китеп максаттарыңыз кандай болбосун, күн сайын бир пайыз тынымсыз өсүп-өнүгүү үчүн тастыкталган колдонмону сунуштайт. Китептин автору Жеймс Клир жакшы адаттарды калыптандыруу үчүн практикалык стратегияны ачыктап берет» , — деди ал.

«Атомдук адаттар» китебин Азиза Сулайманова которгон, редактору Санжи Туйтунова, корректору Жетиген Асанбек, калыпка салган Сулайман Сагынбеков.

Китептин автордук укугу «Китепстан» басма үйүнө таандык. Аталган басма үйү китептин пираттык версиясын сатып алуудан сак болууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM