Биз менен байланышыңыз

«Эркечтам» бекетинде бажы кызматкерлерин сабоого шек саналган 25 адам кармады

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 114 | 0

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабоого шек саналган 25 адам кармалды.

Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

10-сентябрга караган түнү «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Ош облусунун Алай районунун аймагында бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан турган адамдардын тобу иштеп жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жогоруда айталган топ «Эркечтам» алдын ала бажы процедурасы жерине (АБПЖ) карата бажы ишин монополиялаштырышкан жана Кытайдан Кыргызстанга импорттоло турган бардык товарларды көзөмөлгө алып, аларды Кара-Суу районунун аймагындагы “Каратай” бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет  мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун режимдик объектисинин шартында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине (ортомчулар) тарабынан кол салуу фактысы боюнча 10-сентябрда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы кызматын көрсөткөн 25 адам кармалды.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен Мамлекеттик бажы кызматынын алдында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ишкана өз алдынча бажы кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу функцияларын жөнгө сала алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM