Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүү багытында 400дөн ашык ишкана катталды

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 197 | 0

2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында иштеп аткан 415 юридикалык ири жана орто ишкана катталган.

Баткен облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 38, Ош облусунда 28, Ысык-Көл облусунда 25, Нарын облусунда 11, Талас облусунда 4, Чүй облусунда 136, Бишкек шаарында 146 жана Ош шаарында 20 ишкана.

Ошондой эле, тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алардын ичинен облустар боюнча:

Баткен облусунда 1214, Жалал-Абад облусунда 1499, Ысык-Көл облусунда 712, Нарын облусунда 562, Ош облусунда 3021, Талас облусунда 194, Чүй облусунда 1815, Бишкек шаарында 1093 жана Ош шаарында 703.

Кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 21,4 % ды түздү.

Быйылкы жылдын август айына карата товар өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыра турган 400 субъекти катталган.

Анын ичинде сүт продукциясын өндүрүү боюнча — 44, бал чогултуу жана сатуу — 68, балык кайра иштетүү — 44, термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү — 21, улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3, касапкана — 11, тирүү малды өстүрүү жана сатуу — 35, канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10, мал азыгын өндүрүү жана сатуу — 23, жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 126, жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү — 14, ветеринардык препараттар — 1.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM