Connect with us

Томат пастасынын пайдалары, сактоо жана жасоо жолдору

Блог | 13 Сен 2024 | 386 | 0

Үйдө жасалган томат пастасы даамы менен гана эмес, витаминдердин булагы катары да айырмаланат. Изилдөөлөргө ылайык, помидор жана калемпир пастасы жүрөк оорусун алдын алып, рак оорусун азайтат жана иммунитетти чыңдайт. Себеби анын курамында рактын айрым түрлөрүнө тоскоол болгон зат — ликопен бар.

Күз мезгилинде кышка кам көрүп кыям, салаттын түрлөрүн жасоо менен кызуу алектенип жаткан мезгили. Ошолордун арасында эң көп жасалган да томат пастасы. Айрыкча үй шартында жасалганы пайдалуураак. Себеби өзгөчө жыт жана кошулмалардын аздыгы менен айырмаланып турат. Бирок томат пастасын жасоодо кээ бир маанилүү нерселерди эске алуу керек. Диетологдор ден-соолукка пайдалуу томат пастасын жасоо жана анын артыкчылыктары жөнүндө кеңири айтып келишет.

Консерваланган же үй шартында жасалган томат пастасы?

Томат пастасы кандай тамак болбосун өзгөчө даам берип, пайдалуу заттарды өзүнө камтып турат. Кылымдар бою жайында өстүрүлгөн помидордун түрлөрүн ар кандай процесстер жана ыкмалар аркылуу жасап келишкен. Азык-түлүк дүкөндөрүндө сатылып жаткан жарактуулук мөөнөтү узак консерваланган томат пастасын колдонууга болот. Бирок үйдө стерилдөө эрежелерине ылайык даярдалган томат пастасы ден-соолукка көбүрөөк пайдалуу.

Туура сактоонун бир нече жолдору

Туура сактоо үчүн төмөнкү эрежелерди сакташыңыз зарыл:

  • Томат пастасынын кубаттуулугу жана туруктуулугу жарактуулук мөөнөтүндө маанилүү ролду ойнойт.
  • Томат пастасы үчүн ылайыктуу идиш-аякты тандашыңыз керек. Банкалар айнек, капкактары герметикалык болушу зарыл. Туура идиш-аяк даамын сактап калат жана томат пастасын керексиз химикаттардын таасиринен сактайт.
  • Банкаларды колдонуудан мурун туура дезинфекциялоо керек.
  • Банкалардын капкактары бекем жабылышын камсыз кылуу маанилүү.
  • Консервалоо жана жабуу процесси аяктагандан кийин томат пастасын ашкана же шкаф сыяктуу караңгы, салкын жерде сактоо зарыл.
  • Температура өзгөрбөгөн жана күндүн нуру кирбеген жерлерди тандоо керек.
  • Эң жакшы даамын татуу үчүн аны 6-8 айдын ичинде колдонуу идеалдуу.
  • Колдонуудан мурун ар дайым бузулуу белгилерин катуу текшерип туруу зарыл.

Үй шартында томат пастасын кантип жасаса болот?

Помидор жана калемпирди жакшылап жууп, андан кийин таза бычак менен кесип майдалап алабыз. Бышкан жашылчаларды блендер же кол аралаштыргыч менен майдалайбыз. Көлөмүнө жараша калемпир жана кошулмаларды салып, темир идиште узак убакыт кайнатабыз. Бул этапта туз татымалы кошулат. Томат пастасы ысык учурунда стерилденген банкаларга куюлуп, капкактары менен бекем жабылат.

Организм үчүн пайдалуу жактары:

-рак шишиктеринин өнүгүшүн алдын алат;

-иммунитетти бекемдейт;

-теринин түсүн жакшыртат;

-нерв системасына пайдалуу таасир этет;

-гормоналдык фондун ишин нормалдаштырат;

-салмак жоготууга жардам берет;

-ичегинин иштешин стимулдайт.

Томат пастасында рактын айрым түрлөрүнө тоскоол болгон зат — ликопен бар. Бул продукт вирустук, грибоктук, бактериялык инфекциялар үчүн ишенимдүү тосмо түзүп, иммундук системага оң таасирин тийгизет.

Зыяндуулугу жана каршы көрсөтмөлөрү:

-гастрит, ашказан жарасы;

-курч панкреатит;

-ичегинин бузулушу;

-помидор аллергиясы;

-3 жашка чейинки балдар ;

-кээ бир боор оорулары.

Томат пастасы былжыр челди дүүлүктүрүшү мүмкүн. Ошондуктан ооз көңдөйүнүн, кызыл өңгөчтүн, ичеги-карындын сезгенүү процесстеринде бул тамак-аштан баш тартуу керек.

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM