Биз менен байланышыңыз

Ат-Башы районундагы 161 гектардай жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 105 | 0

Ат-Башы токой фондусунун аймагында жер тилкесин өз алдынча ээлеп алуу жана имараттарды жана башка курулмаларды мыйзамсыз куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгында, болжолдуу наркы 1 млрд 24 млн сомду түзгөн жалпы аянты 161,82 га жер участогу имараттары жана курулмалары менен кошо мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ошол эле учурда жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн участканын ээси 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Буга чейин УКМК Нарын облусунун Ат-Башы районундагы токой чарбасынын «Чар» участогунан 2007-жылы 160,9 га жерди мыйзамсыз алган облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары — Нарын облусунун губернатору А.И. кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

Ошондой эле анын жанындагы 0,9120 га өлчөмүндөгү жер тилкесин да уруксатсыз ээлеп алуу фактылары аныкталып, анда туризм чөйрөсүндө коммерциялык максатта пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (мейманкана, кафе-бар, ашкана, сауна ж.б.) эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы такталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM