Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 180 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары жолугушуу өткөрдү.

Анда укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору жана топографиялык жумушчу топтору катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM