Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан малды экспорттоо убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 136 | 0

Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө ири мүйүздүү, майда мүйүздүү малды жана жылкыларды экспорттоо убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Чектөө «СИОЖ» системасында айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу экени айтылды.

Мындай чара өлкөдөгү малдын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган.

Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат. Ушул мезгилде берилген бардык арыздар инвентардык иш-чаралар аяктагандан кийин дароо артыкчылыктуу тартипте каралат. Экспортко уруксаттарды берүүнү улантуу жөнүндө маалымат кошумча жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM