Биз менен байланышыңыз

Климаттын жаштарга тийгизген таасири талкууланды

Коом | 5 Сен 2024 | 368 | 0

Бишкекте климаттын өзгөрүүсүнө арналган жаштардын жолугушуусу өттү. Анда Борбордук Азияда жана Ооганстанда климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү маселелер талкууланды. Иш-чарага 200дөн ашык адам катышты. Анын ичинде жаш лидерлер, балдар, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр катышты. Алар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн ар кандай демилгелерди талкуулап, пландарды түзүштү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Медер Машиев климаттын өзгөрүүсүнө арналган бул жолугушуу Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаштар климаттык өзгөрүүлөргө кайдыгер карабай, көйгөйлүү маселелердин чечүү жолдорун сунуштап жатышат.

«Бүгүн климаттык өзгөрүүлөр боюнча конференция болуп жатат. Борбордук Азия жана Ооганстандын жаштары арасында өтүүдө. Иш-чара эки күн болот. Жаштардын климаттык көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун сунуштап жатканы кубандырат. Бул иш-чараны биздин министрлик эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурду. Мындай жолугушуулардын пайдасы бар. Жаштардын мындай тармактарга көңүл бурушу жакшы кадам. Кызыккан жаштардын да саны көбөйө баштады. Бүгүн жалпысынан 5 мамлекеттин жаштары чогулду».

Бүгүнкү күндө Борбордук Азия жана Ооганстан олуттуу климаттык өзгөрүүлөргө туш болууда. Мисалы аба табы көтөрүлүп, жаан-чачын адаттан тыш жаап, суу ресурстары тартыш болууда.

Адистер мындай өзгөрүүлөр айлана-чөйрөгө гана эмес, экономикага жана жашоонун башка чөйрөлөрүнө да таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

Муну менен катар бул климаттык өзгөрүүлөр физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу өзгөчө аярлуу катмарга кирген балдарга да олуттуу таасирин тийгизип жатат.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа билдиргендей, бүгүнкү жолугушуудагы талкуулардын жыйынтыктары БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Алкактык конвенциясынын Тараптардын конференциясынын 29-сессиясынын алкагында Жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясында сунушталат.

«Бүгүнкү иш-чарада ЮНИСЕФтин атынан катышып жатканыма кубанычтамын. Бул жерде ЮНИСЕФ жаштардын үнүн дүйнөлүк деңгээлдеги жолугушууларга чейин жеткирүү үчүн кызмат кылат. Бул иш-чарага катышуу жаштар үчүн да пайдалуу. Себеби жаштардын 90 пайызы климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирине туш болушат. Климат боюнча жаштар менен иштешүү мага жагат. Жаштар дагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бул тармакта пайдасын тийгизе алат. Жаштар бир гана сунуш кылбастан, өздөрү да көйгөйлөрдү чечүүдө кызмат кыла алышат».

RCOY 2024 конференциясынын алкагында климаттык каржылоо, тоо экосистемалары, гендердик адилеттүүлүк, ошондой эле климаттык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана жаштардын климаттык саясатка катышуусу сыяктуу негизги темалар каралды.

Катышуучулар климатка таасирин тийгизчү иш-аракеттер жөнүндө жаштардын атайын билдирүүсүн тартуулашты.

«ЮНИСОН Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова өтүп жаткан иш-чаранын негизи максаты жаштарды экология тармагына тартуу экенин белгиледи.

Ошондой эле ал учурда климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан көйгөйлөрдүн чечүү жолдору талкууланганын айтты.

«Бүгүн Борбордук Азия жана Ооганстандын жаштарынын катышуусунда чоң иш-чара өтүп жатат. Конференциянын негизи максаты жаштарды экология тармагындагы темаларга тартуу, муну менен катар климаттык өзгөрүүлөрдөн келип чыккан көйгөйлөрдү айтып берүү, жогорку деңгээлде кантип чечүү жолдору, келечекте кандай кадрларды даярдаш керек, дүйнөлүк деңгээлде өтө турган жыйындарда Кыргызстандын жана Орто Азиянын үнү кандай чыгыш керектиги тууралуу маселелерди талкуулап жатабыз. Бул жолугушуунун маанилүү жагы Борбордук Азиянын жаштарын бириктирүү. Ошондой эле жаштарды климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу. Мындан тышкары экология тармагындагы жаңы кесиптерди тандап, ошол жакта иш алып барууга үндөө».

Бул талкуулардын жыйынтыктары БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Алкактык конвенциясынын Тараптардын конференциясынын 29-сессиясынын алкагында Жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясында сунушталат.

Конференция Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги ЮНИСЕФтин, БУУӨПтүн жана «Юнисон Групптун» колдоосу менен уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM