Биз менен байланышыңыз

Токмокто 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 144 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш улантылып жатканын атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, чогултулган материалдардын алкагында Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, базар баасы 920 млн сомду түзгөн бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

1996-жылы Токмок шаарындагы Манап бий көчөсү, 236 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу бала бакча комплекси, пайдалануу аянты 1575,0 чарчы метр жана жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси социалдык объектилерди жеке менчикке ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, азыркы учурда максатсыз пайдаланылып жаткандыгы аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен  аталган комплекс Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өз багыты боюнча пайдалануу үчүн, б.а. балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу максатында өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM