Биз менен байланышыңыз

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кеткенин айтты

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 321 | 0

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал мындан 26 жыл мурда кыргызстандык балбандарды башка өлкөлөр теңине албай келген болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстандын күрөш федерациясы өстүргөн балбандар Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын, күмүш, коло байге утуп, тарых жаратуу менен учурда спорттук бийиктиктердин туу чокусуна жетип, дүйнөдө өзүнчө күрөш мектеби катары таанылганын айтты.

Өзү федерацияны жетектеп турган учурда кыргызстандык балбандар 6 жайкы олимпиадалык оюндарга, Азиянын 5 оюндарына катышканын кошумчалады.

Кызматтан кетүү себебин жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотууну көздөгөнү менен түшүндүрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM