Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл «Салимбойвачча» менен жолугушуусу боюнча кыргызстандык жаран суракка алынды

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 222 | 0
УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргызстандын жараны О.П.Назаровдун «Салимбойвачча» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл, Өзбекстандын жараны С.Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталган.

3-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси («Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында О.П.Назаров С. Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды.

Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында С.Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка КР жарандарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

УКМК 6-августта Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланыштуу кримтөбөл, өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM