Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын оңдоо иштери аяктады

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 126 | 0

«Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктады. Учурда жол толугу менен унаалар үчүн ачык экенин мэриядан кабрлашты.

Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо шаардын түштүк аймагынын тургундарын туруктуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Бул көчөдө жылуулук тармагын оңдоо иштери май айында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM