Бишкек шаарында троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы №5 мунициалдык автобус каттамы иштей баштады.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобус убактылуу Медеров көчөсүн бойлой жүрөт.
Негизи №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна (акыркы көзөмөл пункту) чейин каттайт.
Быйыл мэрия коомдук транспорттон троллейбустарды алган. Ордуна электробустар алып келинери убадаланган.