Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Куликов» кондитердик үйүнүн башкы кеңсесинде тинтүү болгону айтылууда

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 161 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкектеги «Куликов» кондитердик үйүнүн башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып жатат.

Атайын кызмат расмий билдирүү бере элек.

Маалым болгондой, 3-сентябрда болгон тинтүү учурунда компаниянын кеңсесинен компьютерлер жана документтер алынган. Эмне себептен тинтүү жүргөнү азырынча белгисиз.

Kaktus media тергөө болжолдуу түрдө салыктык мыйзам бузууларга байланыштуу жүрүп жатканын жана бухгалтерия бөлмөсүнө мөөр басылганын жазды.

Ошол эле учурда «Куликов» кондитердик үйүнүн борбор калаадагы дүкөндөрү жана кондитердик цехтери кадимки тартипте иштеп жатканын компаниядан тастыкташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM