Биз менен байланышыңыз

Парламент Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 129 | 0

Жогорку Кеңеш 4-сентябрдагы жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигине макулдук берди.

Талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Жыйынга катышкан 89 депутаттын 74ү «макул» деген добуш берип, каршылар болгон жок.

Ал эми жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлиги сунушталган. Ага 79 депутат «макул» деген добуш берди.

Быйыл 11-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Ал эми буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп жаткан Тилек Текебаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Медер Машиев 2016-2019-жылдары “Газпром Кыргызстан” компаниясында иштеген. 2020-жылдын декабрынан 2024-жылдын январына чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM