Биз менен байланышыңыз

УКМК Токтогулдагы бир катар соцобъектилерди жана жер тилкелерин мамлекетке кайтарды

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 108 | 0

Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Алсак, жалпы аянты 1,3 гектар болгон «Токтогул» автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баада сатылган. Автобекеттин базар баасы 63 817 000 млн сомго бааланууда.

Мындан тышкары Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 2342,8 чарчы метр соода комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул комплекстин базар баасы 4 155 000 сомду түзөт.

Токтогул шаарынын мэриясынын балансына А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 га жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди, анын базар баасы 73 610 455 млн сомду түзөт.

Муну менен катар Токтогул шаарынын «Тайбала-Кечүү» тилкесинде жайгашкан 2 га көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 млн сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо, мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM