Биз менен байланышыңыз

Жарым жылда банктар дээрлик 18 миллиард сом киреше табышты

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 160 | 0

2024-жылдын жети айында Кыргызстандын банктары 17 млрд 979,2 млн сом киреше алышкан. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын банк сектору 24,2 миллиард сом таза киреше алган.

Коммерциялык банктардын таза кирешеси июль айынын акырына карата 17 миллиард 979,2 миллион сомду түздү.

Банк секторунун жалпы активдери 21,6 пайызга көбөйүп, 746,7 млрд сомду түзгөн.

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү болсо жыл башынан бери 11,3 пайызга көбөйүп, 286,9 млрд сом деңгээлинде белгиленген.

Кыргызстандыктар төмөнкүдөй насыя алышкан:

-соодага — 77,2 млрд сом;

-керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына — 72,1 млрд сом;

-айыл чарбасына — 46,7 миллиард сом;

-ипотека боюнча — 33,3 млрд сом;

-башка муктаждыктарга — 31,4 млрд сом;

-курулушка — 13,4 млрд сом;

-өнөр жайына — 12,7 миллиард сом.

Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана алардын 305 филиалы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM