Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын «Ачы» массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деген шек менен Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Б.У.А. кармалды.
Ал Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын «Ачы» массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участогун мыйзамсыз бергендиги аныкталды.
30-августта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.