Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-сентябрда өлкө аймактарында жаан жаабайт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,
Баткенде түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +27…+29 градус болот.