Биз менен байланышыңыз

Абсаттар Сыргабаевдин министр кызматына талапкерлиги парламентте каралат

Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 227 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча  комитетинин 3-сентябрдагы жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.

Талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Талкуу учурунда автожолдордун курулуш иштерин аяктоо, жол тейлөө ишканаларынын ишин кайра уюштуруу, Бишкек — Кара-Балта жана Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолдорунун эл аралык стандарттарга ылайыктуулугу жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Комитет президент сунуштаган талапкерди Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Быйыл 11-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Ал эми буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп жаткан Тилек Текебаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM