Биз менен байланышыңыз

5-6-сентябрда Бишкектеги бир катар аймакта жаратылыш газы өчөт

Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 119 | 0

5-6-сентябрь күндөрү Бишкектеги бир катар аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматынан кабарлашты.

Жаратылыш газын өчүрүү жер астындагы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болот.

Газ өчө турган аймактар: 

Профсоюзная көч., П.Лумумба көч., Кубаныч көч., Кайназарова көч., Дэн Сяопин көч., Месарош көч., Ильменский пер..

«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM