Биз менен байланышыңыз

Алыскы аймактардагы мектептерге 50 автобус берилет

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 163 | 0

«Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун берет.

Мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу тапшыруу аземи 2-сентябрда саат 17:00дө Т.Усубалиев атындагы аянтта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтөт.

Мектеп автобустарын алуу боюнча Министрлер Кабинети менен «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда келишимге кол коюу пландалган.

Билим берүү жана илим министрлиги автобустар алыскы райондордогу мектептерге берилерин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM