Биз менен байланышыңыз

3-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 287 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM